
Бүгүнкү чыгарылышта таланттуу ырчы, бийчи, комузчу, гитарада ойногон айыл тургундары жөнүндө айтып бермекчибиз.
Кененирээк маалыматты гитарист жигитибиз Тыныстанбек уулу Максаттан алсак.
— Мен Кара-Суу айылынын тургуну Тыныстанбек уулу Максат, тогузунчу класстан бери гитарада ойноп келем. Бул өзүмө жакын болуп калды. Мен өз кызыкчылыгым менен ойнойм. Мага эч нерсе тоскоол болгон жок. Алдымда максатым бар бул өнөрүмдү дагы алдыга өркүндөткүм келет.
-Мен, Кнатова Айдана Мирбековна, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Суу айылында туулгам.
Мен бала чагыман бери ыр менен алектенип келем. Ырдаганды жакшы көрөм, окууну бүткөндөн кийин, ырчылыкты андан ары өркүндөтөм деген оюм бар. Айыл жергесинде жашагандыктан жана Кара-Суу айылы кичине болгондуктан эч ким таанып биле албай, спонсорлор жок. Таланттуу адамдардын таланты ачылбай келе жатат.
Томондо уккандай Айдананын ырчылык кесибин андан ары улантсын демекчибиз.
Таланттуу жигитибиз ырчы, бийчи, акын Таштанов Элдостун оюн уксак:
-Аты-жөнүм атай кетсем: Таштанов Элдос Таштанович 1999-жылы 7-ноябрда Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда, Кара-Суу айылында туулгам.
Кызыкчылыгым — бул бий өнөрү. Ошондой эле акындык тарап жана ырчылык. Бул нерселерди дагы көп ийгиликтерге жетүүгө аракет кылып жатам. Бирок тилекке каршы айыл жергесинде жашап жаткандыктан, борборго баруу биз үчүн өтө эле кыйынчылыкты туудуруп жатат. Он үч жашыман бери алектенип келем. Ошондой эле акындык тарап жана ырчылык тарапты дагы бий менен бирге алып жүрөм. 11-классты бүткөн соң борборубузга барып, дагы көп ийгиликтерди жаратып, ошондой эле мекенимди дүйнө жүзүнө таанытууга аракет кылам деген ой тилектемин. Ал тилегимди кудай буйруса ишке ашырам деген үмүттөмүн.
Төмөндө уккандай Элдостун каалаган максатына жетишине тилектешбиз. Сиздер уккандай канча деген кыздарыбыздын, жигиттерибиздин таланттары ачылбай келе жатат.
Буларга кааларыбыз келечеги кең болуп, Кыргызстанды тааныткан адамдардан болушсун.
Даярдагандар: Айдана Кнатова, Сабина Кадырбекова
Сынак үчүн