
Мындай маалымат кечээ айыл өкмөт башчылары жана мекеме жетекчилери катышкан жыйында белгилүү болду.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары Ж.Мамбетова: “Райондо түзүлгөн көп тармактуу координациялык кеңеш 4 ирет отурум өткөрүп, анда жугуштуу ооруларды жана ВИЧ СПИДди алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, билим берүү мекемелериндеги санитардык абал, кургак учук менен жабыркаган жарандарга бөлүнүүчү акча каражаттары боюнча маселелер каралган. Учурда райондун аймагында бруцеллез оорусу менен 28, сарык оорусу былтыркы жылдан 3 учурга аз катталса, кургак учук менен жабыркагандардын саны 39. Бул көрсөткүчтүн ичинен 13 жаран кургак учуктун ачык түрү менен дайым көзөмөлдө турат. Ал эми ВИЧ СПИД менен катталгандар да жок эмес” дейт.
Айыл өкмөттөр жыл сайын жергиликтүү бюджеттен кургак учук менен жабыркагандардын дарылануусу үчүн акча каражаттарын бөлүп берет.
Даярдаган: Б.Мамытбекова