Ноокат районуна караштуу Шанкол айылында Чардана мечити ачылып ишке кирди. Айыл эли беш убак намазын жамаатташып чогуу окуп жатышат.
Мечит эки кабаттан туруп ичине көптөгөн элди баткырууга мүмкүнчүлүгү бар. Мечитти салуу демилгеси Шанкол айылынын ардактуу уулу Алтынбек Сулайманов тарабынан көтөрүлгөн.
Ар жума сайын Шанкол айылынын жана кошуна айылдын элдери келип жума намазын чогуу окуп жатышат.
Айыл тургуну Мамажунусов Арандын айтымында, мечит жакшы салынган. «Буга чейин мынчалык көп адам батпай, мечиттин сыртына да намаздарын окушчу. Азыр эми баары бата турган деңгээлде курулду», — дейт Аран Мамажунусов.
Даярдаган: Алида Маматосмон кызы
Сынак үчүн