
Ак-Талаа районунда 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү белгиленип, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жеке ишкерлер катышты.

“Кандай учур болбосун сиздерди колдоого даярбыз жана эшигибиз ар дайым ачык” дейт район башчысы С. Мырзабеков. Ал эми жеке ишкер Т. Жусуев беш балага 1000 сомдон акчалай, Улан Шерипбеков тогуз адамга атайын белектерин тапшырышты.
Иш-чарада маданият кызматкерлери 16 таланттуу балдар менен бирге сахнада өз өнорлөрүн тартуулашты.
Ак-Талаа райондук социалдык коргоо башкармалыгынын адистеринин берген маалыматка ылайык, учурда райондун аймагында 553 мүмкүнчүлүгү чектелген адам болсо, анын ичинен 183ү 18 жашка чейинкилер болуп эсептелет.
Даярдагандар: А.Айылчиева, Э. Нурланбекова, А.Рахатбекова
Сынак үчүн