
Мындай аталыштагы жолугушуу Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде өтүп, ага дин өкүлдөрү жана жогорку класстын окуучулары катышты.
Мектептин жаштар уюму тарабынан уюштурулган бул жолугушууда кылмыштуулукту алдын алууда исламдын орду, бири-бирине жамандык кылса, же ата-энесине туура эмес көз менен караганда жазылуучу күнөөлөр тууралуу кеңири айтылды.
Ошондой эле учурда ислам динине жамынып жасалып жаткан туура эмес иштер Сириянын мисалында айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жолугушууда дин өкүлдөрү ата-энени, мугалимди сыйлоого, айлана-чөйрөдө болуп жаткан окуяларга акылы жетик, билимдүү адам катары кароого жана сабырдуулукка чакырды.
Даярдаган: А. Рахатбекова
Сынак үчүн