
Ноокат районунун Шаңкол айылындагы дары булак Совет доорунда изилденген. Ага ылайык адамдын организимине пайдалуу витаминдерге жана темирге бай экени аныкталган.
Дары булак ички организимдеги, өзгөчө ичеги-карын жана ашказан ооруларынан айыктыруучу касиетке ээ.
Мындан бир топ жылдар мурун дары булак жайгашкан Көк-Дөбө жайлоосунда Маманазар аттуу койчу жашап калат. Койлорун кайтарган учурдан баштап андан ашказан ооруусу арылбаптыр. Бир күнү койлорун жайып жүрүп дары булакты көрүп, анан аны даары катары иче баштайт. Ошол күндөн баштап булактын дарылык касиети элге жайыла баштаган.
Булак суусун эрежесине жараша сактап, каалаган учурда ачып пайдаланса дарылык курамы өзгөрбөйт. Айыл тургуну Асан Каримов төмөнкүлөрдү айтат.
«Көчөдөгү эле зыяндуу ичимдиктеди көп колдонуп жатпайбызбы. Андан көрө дары булактан пайдалансак ден-соолугубузга пайдасын тийгизмек. Биз да үй-бүлөдө болушунча көбүрөөк пайдаланганга көнгөнбүз», — дейт Каримов.
Даярдаган: Алида Маматосмон кызы
Сынак үчүн