
Ноокат районундагы Тургунбай Садыков атындагы академиянын алдында түзүлгөн Көркөм сүрөт мектеп интернатынын жатаканасы 18-ноябрда ишке берилди.
Буга чейин көркөм сүрөт мектебинин окуучулары 1929-жылы курулган эски имаратта жашоого мажбур болуп келишкен. Бул имаратты жаңылап куруу демилгесин мектеп жамааты көтөрүп, аны Жогорку Кеңештин депуттары Алтынбек Сулайманов жана Надира Нарматова колдогон.
Мектеп директору Иса Исмаиловдун айтуусунда, бул мектепке Ноокат районунан сырткары Ош жана Баткен шаарларынан сүрөткө кызыккан жана шыктуу балдар сынак аркылуу кабыл алынат.
«Бул мектеп 1929-жылы Федоров атындагы орто мектеп, андан кийин Менделеев атындагы мектеп болуп турган. Согуш убагында Бузернов пункту болгон. 1991-жылы Көркөм эстетика мектеби болуп ачылган», — деп билдирди Исмаилов.
Жаңы жатакананын өзгөчөлүгү — жылуу жана жарык, атайын балдар үчүн эс алуучу жайы бар. Сабак окутуу үчүн да шарттары түзүлгөн. Мурунку жатаканада бир бөлмөдө 12 бала жашаса, учурда бир бөлмөдө алты бала жашап жатат.
Мектепти бүтүргөндөрдүн 90 пайызы Тургунбай Садыков атындагы академияда акысыз окууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
Даярдаган: Алида Маматосмон кызы
Сынак үчүн