
Куу-Майдан айылынын тургуну Айбек Аширбеков беш жылдан бери айылдаштарын көмүр менен камсыз кылып келе жатат.
Ал көмүрдү Алай районуна караштуу Сары-Могол айылынан алып келет. Ар бир барып келгенде 19-20 тоннадан алаарын айтат.
Көмүр алып келген адамга эл ыраазы. Ишкер Айбек көмүрдү базар баасына салыштырмалуу арзаныраак сатат. Базарда көмүрдүн баасы килограммына алты сом болсо, айылдык ишкер аны 5,70 сомдон сатат.
Айрым учурлардан көмүрдү айылдаштарына насыяга деле берет.
Буйрутма сурагандар Куу-Майдан айылында көп болгондуктан башка жактарга эч алып барып сатпасын айтат Айбек байке.
Көмүрдү Куу-Майдан айылында сурагандар көп болгондуктан, көмүр 2-3 күндө эле түгөнүп калат.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн