
Ноокат районунун Куу-Майдан айылында элди жана имараттарды селден коргоо иш чаралары жүрүп жатат. Иш чаранын башталганына бир айдай убакыт болду.
Муну каржылап жаткан үч уюм бар. Алар МЧС, ПРООН жана бүткүл дүйнөлүк бириккен улуттар уюму болуп саналат.
Бул иш чарага жалпысынан аталган уюмдар тарабынан 937000 сом акча бөлүнүп берилген болсо, Кеңеш айыл өкмөтү 112000 сом бөлүп берген.
Бул иш чараны аткаруу үчүн 25 жумушчу эмгектенип жатат. Жумушчулардын эмгек акысы акчалай жана азык-түлүк формасында берилүүдө.
Бул жерде иштеген ар бир жумушчунун кызмат акысына 200 килограмм ун жана 20 литр ак май берилет.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн