Буга чейин Дары-Суу айылынын тургундарына суунун тартыштыгы бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген.
Жакында эле бул көйгөй чечилип, айыл эли суу менен камсыз болду. Келген суу түтүктөр аркылуу Кара-Жар жайлоосун аралап өтүп айылга келип жатат.
Сууну алып келууго 6714300 сом кеткен. Бул маселени чечүү демилгеси айыл тургундары тарабынан көтөрүлүп, Ноокат шаарынын ишмер атуулдары тарабынан колдоого алынып, долбоордун негизинде ишке ашырылган.
Дары-Суу айылынын тургуну Гүлсара Калдарова суу келгенге чейин көп кыйналганын айтат. «Мал-койлорубузду кошуна айылга айдап барып суугарып, өзүбүз да сууну ченеп колдонууга туура келчү», — дейт Калдарова.
Эми мынтип элге кеңири суу келип баарыбыз кубанып турабыз, деп бөлүштү Гулсара Калдарова.
Даярдаган: Алида Маматосмон кызы
Сынак үчүн