
Буга чейин Шаңкол айылында унаа оңдоочу жайдын жоктугунан тургундарга район борборуна барууга туура келчү. Эми жаңы тейлөө борборунун ишке кириши менен жашоочулар шаарга барбай эле айылда унаасын оңдото алышат.
Бул тууралуу унаа ондоочу жайдын ээси Марат Абдыкеримов мындай дейт.
«Бир эле Шаңкол айылынын тургундарына эмес, коңшу айылдын эли үчүн да унаа оңдоочу жай өтө керек болчу. Ойлонуп олтуруп бул жайды куруу чечимине келдим. Унаа ондоочу жайга коротулган каражат БУУ тарабынан каржыланды. Бул жай унаа ондоочу, унаа желимдөөчү жана унаа жуучу болуп үч бөлүктөн турат», — деп айтып берди Абдыкеримов.
Андан сырткары бул жерде унаа тетиктерин сатуучу дүкөндүн курулуш иштери жүрүп жатканын кошумчалады ал.
«Жаңы гана ишке киргендиктен өз чыгымын актай элек», — дейт Абдыкеримов.
Айыл тургуну Маматумар Акунбаев унаа тейлөөчү борбордун ачылганына кубанычын жашырган жок.
«Буга чейин машиналарыбызды район борборуна, же Ош шаарына алып барып оңдотуп келүүгө туура келчү. Бүгүнкү күндө өз айлыбызда унаа оңдоочу жай ишке кирип, бир топ жеңил болуп калды», — дейт Маматумар Акунбаев.
Даярдаган: Алида Маматосмон кызы
Сынак үчүн