
Жакында Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылынын жолдору толугу менен оңдолуп, айыл элине кубаныч тартуулады. Эми айылдын негизги жолу менен район борборуна барчу жолдо айдоочулар кыйналбай калганын айтышат.
Буга чейин айыл эли жана айдоочулар жолдун начарлыгынан жапа чегип келишкен. Жолду жаңылоодо эски асфальттар казылып алынып, ордуна узундугу 5 километрди түзгөн асфальт төшөлдү.
Шаңкол айылынын айыл башчысы Кадыр Жамгырчиев жолду оңдоодо өзгөчө сапатына көңүл бурулганын айтат.
«Жолду оңдоодо сапатына мыкты көңүл бурулду. Асфальттын калыңдыгы да талапка жооп берет. Машиналар кенениреек өтө тургандай кылып жол кеңейтилди. Эки айдын ичинде жол бүтүрүлүп, толугу менен ишке берилди», — деп билдирди Жамгырчиев.
Айдоочу Мамрөсүл Камалов мурда жолдун начардыгынан белгиленген жерге кечигип калчумун дейт.
«Мен айдоочу болгондуктан билемин. Мурун жолдун начарлыгынан барчу жерибизге да кечигип барчубуз. Азыр, кудайга шүгүр, жол тегиз болуп калды», — деди айдоочу Камалов.
Өзгөчө айдоочулар үчүн да жакшы болду дейт Камалов.
«Анткени алар күн сайын машина менен элдерди ташып жүрүшөт. Ал эми татаал жолдо унаалары тез бузулуп, капчыктарына бир топ зыянын тийгизчү», — деп кошумчалады ал.
Даярдаган: Алида Маматосмон кызы
Сынак үчүн