
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы “Мээрим” бала-бакчасында көптөн бери көйгөй жаратып келген таза суу маселеси чечилди. Бул жергиликтүү бийликтин жана “Суу өмүр булагы» долбоорунун негизинде ишке ашты.
Аталган бакчанын тарыхы жана эмнелери жаңыланганы, кимдер тарабынан келгени боюнча “Мээрим” бала-бакчасынын жетекчиси Райимбекова Назира айтып берди.
««Мээрим» бала-бакчасында жетекчи болгонума үч ай болду, тактап айтканда сентябрь айынан бери жетекчи болуп келем. Бала-бакчанын ачылганына үч жыл болду, мурун бул жер лицей болчу. Эң негизги көйгөйлүү маселе — бул таза суу маселеси болчу. Күнүгө керектелүүчү сууну балдар сыртан ташып келчү. Ошол суу маселесин чечип берген “Ата-Түрк” Ала-тоо университетинин студенттери экен», — деди ал.
Таза суу ашканага, кир жууган жайга киргизилген.
«Ички жумуштарын долбоордун атынан жасалса, сырткы жумуштарын жергиликтүү бийлик кылып берди», — деп айтты Райимбеква.
Мурунку учурларда кандай кыйынчылыктар болгонун жана кандай иштер жасашканын бала-бакчанын чарба иштери боюча орун басары Усенов Талант төмөнкүчө баяндады.
«Идиш жууганга, кир жууганга, чай койгонго суу керектелет. Жалпысынан бир тоннага жакын суу керектелчү. Абдан эле кыйын болчу. Бул жерде иштеген өз жумушунан, милдетинен тышкары суу алып келишчү. Азыр жакшы, абдан эле чоң кыйынчылыктан кутулдук десем жаңылышпайм», — деп билдирди Усенов.
Балдар биздин келечегибиз дегендей балдарга ушундай керектүү иштерди жасоо биздин милдетибиз.
Даярдаган: Сүйүтбеков Үсөн
Сынак үчүн