
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Нышанов атындагы орто мектебинде 7-декабрда кыз-жигит сармерден оюну болуп өттү.
Кыз-жигит сармерден оюнуна 8-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты. Ар бир класстан 4-5тен кыз-жигит топторду түзүп, ыр-бий, макал-лакап, жаңылмачтар айтылды.
Иш чара мектептин 11-классынын окуучулары демилгелеп уюштурулган.
Кыз-жигит сармерденинде калыстар тобу эки команданы тең бирдей деп баалашты, бирок мугалимдер аны туура эмес деп табышты.
Мектеп мүдүрүнүн уюштуруу иштери боюнча орун басары Гүлмайрам Ысмаилованын айтымында, калыстар тобунун чыгарган жыйынтыгы туура эмес болгон. Анткени балдар командасы так жана туура жооп бергени менен кыздар командасы болсо баракка жазып алып аткарган.
Нышанов мектебинде болуп өткөн кыз-жигит сармерден оюну кызыктуу өтүп, көрүүчүлөргө башкача сезим тартуулаганы байкалып турду.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн