
Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургундары жылуу полдорду орнотуп жатышат. Муну менен тургундар кыштын суугунун алдын алууга камданууда.
Жылуу полдорду орноткон усталар атайын Жалал-Абад облусунун Аксы районунан келишкен. Алар бирөөнүн чакыруусу менен келип, азыр Куу-Майдан айылында иштеп жатышат.
Жылуу полдун бир метр квадратына жараша акы алат жана бир сааттын ичинде бүтүрүп беришет. Кардарлардан эч кандай каражат кетпейт.
Усталар буга чейин Алай, Кара Суу, Араван, Ноокат райондорунда болушкан.
Айыл тургуну Кожон Абдыразаков «жылуу пол жакшы жылыйт экен, мага жакканы кардардан эч кандай каражат кетпейт экен» дейт.
Даярдаган: Курсантбек уулу Хусейин
Сынак үчүн