Терек-Суу айыл ѳкмѳтүнүн имаратындагы жылуулук системасы жаӊыланды. Кыш мезгилинде имараттын ичи суук болгону кызматкерлерге кыйынчылык жаратып келген.
Жылуулук системасы кайра жасалышына кубанган айыл өкмөттүн кызматкери Нурбек Мырсраимов тѳмѳндѳгүлѳргѳ токтолду:
“Азыр жумушка шарт түзүлүп, жылуу болгон үчүн биз кечке иштеп, ыӊгайлуу болуп, курткачан отурбай, курткаларыбызды чечип отуруп дегендей, жакшы эле болуп жатат. Мурда муздак болчу, азыр ысык болуп калды”, — деди ал.
Жоопту катчы Жылдыз Эсенбекова айыл ѳкмѳтүнүн имаратында жылуулук системасын дагы жакшыртса болмок деген пикирде.
“Жылуулук системасынан сырткары дагы конторго кѳп ремонт иштери керек. Менимче ойлойм бул жакында ишке аша турган нерселер болушу керек. Жылуулук боюнча айта кетсем жакшы, 100 пайыз болбосо дагы 70 пайыз деп баа бере алам. Мындан да ысый турган деңгээлге жетсе болмок. Пайгамбар баарына ыраазы дейт го, мурункуга караганда бир кыйла жакшы”, — деп айтып берди Эсенбекова.
Жылуулук системасын кайра оӊдоо иштерин жетектеген Турсуналы Жѳлѳкѳв чыгымдар тууралуу кабарчыбыз Гүлкайыр Коёновага тѳмѳнкүлѳрдү айтып берди.
“Бул жылуулук системасы СССР убагында 1974-жылы курулган. Анан азыркы убакта ичиндеги трубаларынан суу ѳткѳнгѳ мүмкүнчүлүк жок болуп калгандыктан, ал жерде иштеген кызматкерлерге жакшы шарт түзүп берүү үчүн, биз жылуулук системасын кайрадан куруп чыктык. 25 270 сомго материал алып келдик. Жылытуу системасын оӊдой турган кишиге 15 000 сом акча тѳлѳп бердик. Бул ремонт 10 күндүн ичинде бүттү. Абдан сапаттуу болду”, — деп токтолду ал.
Айыл ѳкмѳтүнүн жумушчуларынын айтымында, жылуулук системасынан тышкары дагы жасала турган иштер кѳп.
Буга катар эле мектепте дагы жылуулук системасы боюнча бир канча ремонт иштери жүрдү.
Даярдагандар: Гүлкайыр Коёнова, Сирена Акжолтоева
Сынак үчүн