Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы Курама уулу Турусбек мектебинде учурда олимпиадага даярдык жүрүп жатат. Бул райондук денгээлдеги олимпиада 10-11-декабрда Токтогул районунда ѳтмөкчү.
Аталган мектептин тарых сабагы мугалими Эшенкул Медетбеков окуучулардын олимпиадаларга даярдануусу тууралуу кабарчыбыз Азима Нурбек кызына айтып берди.
“Окуучуларды олимпиадага даярдоодо бир канча кыйынчылыктар бар. Биринчиден, окуу куралдарынын жетишсиздиги. Экинчиден, ар бир окуучуну жоопкерчиликке алып барыш керек. Ансыз эч мүмкүн эмес. Жыйынтыгы жакшы болот деген тилекте турабыз. Себеби дегенде, буга чейин дагы канча деген окуучуларды олимпиадага даярдап, алып барып жүрѳбүз. Мисалы, тарых сабагы боюнча артта калган, же болбосо орунга жетпей калган окуучу болгон эмес. Анан быйылкы жылы дагы жакшы ийгиликтерди алып келебиз деген ишенич бар. Буга чейин биздин окуучулар тарых сабагы боюнча 2-3-орундан түшкѳн эмес», — деп токтолду Медетбеков.
Эшенкул 11-класстын окуучусу. Ал райондук олимпиадага эки сабак боюнча катышаарын айтат.
“Мен олимпиадага биология жана англис тили сабактарынын барып жатам. Мугалимдер жакшы жардам берип жатышат, болгон күчүн жана билимин бизге бергенге аракет кылып жатышат. Өзүмѳ ишенип жатам, олимпиадага албетте ийгиликке жетүү үчүн барып жатам. Ал жактагы жыйынтыгын дагы кѳрѳбүз”, — деди ал.
Олимпиадага болгон даярдыктар тууралуу мектептин окуу бѳлүм башчысы Турсумкан Абдыгуловага кайрылганыбызда, ал бул кызматка жаӊы келгендигине байланыштуу, бизге жооп бере албастыгын билдирди.
Даярдагандар: Азима Нурбек кызы, Мыскал Тазабек кызы
Сынак үчүн