
Бакай-Ата районунда мектепке чейинки билим берүү «Мээрим» балдар бакчасында жаңы жылга карата балаты майрамдык кечеси өткөрүлдү.
Назира Раимбекова аталган балдар бакчасынын жетекчиси. Бакчада балаты майрамдык кечеси 24-декабрда башталып 25-27-30-чейин болоорун айтат.
«Бүгүнкү болуп жаткан кече мектепке даярдоо тайпасында орус тилинде жүргүзүлгөн. Ал эми бул майрамда балдардын маанайы жакшы, балдар активдүү толугу менен катышып жатышат, чоң даярдык менен келишкен, абдан жакшы ырдап бийлеп жатышат», — деп билдирди Раимбекова.
Бул майрамдык кечеге ата-энелер да кубанышып, ыраазычылыгын билдиришти.
«Мээрим» бала-бакчасынын жааматына чоң таазим этебиз, себеби дегенде мындай майрамда балдардын маанайы көтөрүлгөн, ушундай кечелер жыл сайын өтүп турат, балдар бир гана майрамдык кечелерде болбостон, мектепке чейинки даярдоо тайпасында жакшы билимдерди жана тарбияларды алып турууда», — деди айыл тургуну Андаш Мамбеталиев.
Даярдаган: Cүйүтбеков Үсөн
Сынак үчүн