
Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджан Абдурахманов аялдар менен эркектердин ортосунда ушул күнгө чейин талаш маселе жаралбаганын айтты.
Ахмаджан Абдурахмановдун билдиришинче, Үч-Коргондо аялдар жана эркектер ортосунда жумуш маселеси боюнча ушул күнгө чейин талаш жаралган эмес. Айыл тургундарынын наразычылыктары катталган эмес. Көп маселерди жашоочулар өздөрү чечкенге аракет кылышат, дейт ал.
“Биз аялдар жана эркектер ортосунда ар убак тең салмактуулукту көп учурда сактайбыз. Албетте жумуш бар жерде көйгөйлөр да жок эмес. Ар кандай кырдаалдарда биз маселени жакшы жакка бурганга аракеттенебиз жана колдон келишинче жардамдарды беребиз”, — дейт айыл өкмөт башчысы Ахмаджан Абдурахманов.
Абдурахманов кошумчалагандай, айылда көп аялдар жумуш менен камсыз болушкан. Мисалы, медицинада, бала бакчаларда, мектептерде негизинен аялдар эмгектенишет. Алеми оор жумуштарда, өндүрүш жайларда, ар түрдүү мекемелерде эркектер эмгектенишет.
Черахан Абдуллаева Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жаштарды никеге каттоо жана күбөлүктөрдү таратуу боюнча иш алып барат.
“Аялдар жана эркектердин гендердик тең салмактуулугу боюнча айтаарлык деле көйгөй жок. Эч ким сен аял же эркек деп, бул жумуш сага туура келбейт деген талаш маселелер болгон эмес”, — дейт Абдуллаева.
Хасанова Малика Үч-Коргон айылынын тургуну, “Гендер деген сөздү эми угуп турам анткени аял менен эркек дегенде биздин менталитетибиз башкача көз карашта. Аял дегени көп учурда бала тарбиясы менен алектенет, эркектер көчөнү адамы деп түшүнөбүз. Ар түрдүү жумуштарда иштеген аялдар да көп аларга көз караштарым жакшы. Ар бир адамдын шарты ар кандай кимдир иштейт кимдир болсо жок”, — деп эсептейт.
Даярдагандар: Юлдашева Ситора, Нишанова Назира
Сүрөттүн автору: Хасанова Ирода
Сынак үчүн