Ноокат районунун Кашкалдак орто мектебинде кече 24-декабрь күнү «Мыкты мугалим» сынагы болуп өттү. Бул конкурска сегиз мектептин мугалимдери катышып, 1-орунду Камбаралы Бобулов атындагы Барпы орто мектебинин мугалими Айчүрөк Кожомбердиева алды.
Конкурс беш этап менен жүрдү.
1) Сабак өтүү
2) Көргөзмөсүн көрсөтүү жана анкетасы
3) Табылга
4) Чүчү кулак
5) Ыңгайсыз суроолор.
Жыйынтыгында 1-орунду Камбаралы Бобулов атындагы Барпы орто мектебинин мугалими Айчүрөк Кожомбердиева, 2-орунду Боронбай Атишев орто мектебинин мугалими Дилафруз Дарыбек кызы, 3-орунду Ак-Чабуу орто мектебинин мугалими Жанаргүл Самиева ээлешти.
Калыстар тобунун мүчөсү Зайнабидин Мамасадыковдун айтымында, «Жылдын мыкты мугалими 2016″ кароо сынагынын аймактык туру бардык жоболордун негизинде өткөрүлгөн.
«Былтыркыга караганда бир аз мугалимдерде быйыл жөндөмдүүлүк азыраак бирок, активдүүлүк көбүрөөк», — дейт Мамасадыков.
«Мыкты мугалим» конкурсунун жеңүүчүсү Айчүрөк Кожомбердиева жеңишке жетүү оңой болгон жок дейт.
«Кыйынчылык менен келди бул жеңиш дагы, тапшырмалары дагы кыйын болду. Аябай толкунданып кандай болот экен деп анан 1-орунга жетиштим», — дейт ал.
Даярдаган: Хусейин Курсантбек уулу
Сынак үчүн