
Галина Петровна жана Севолат Ким
Сокулук районунун Жал айылы көп улуттуу болуп саналат. Айылда ар кайсы улуттардан куралган үй-бүлөлөрдү да кезиктирүүгө болот.
«Жал» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары айылдагы көп улуттуу үй-бүлөлөрдүн айрымдары менен таанышып келишти.

Галина Петровна жана Севолат Ким
Жал айылынын тургундары Галина менен Севолаттын үй-бүлө курганына 40 жылга жакын убакыт болуп калды. Алардын кантип таанышып калганын Галина Петровна төмөнкүчө айтып берди.
«Жоллдошум кореец, 1978-жылы танышканбыз, 1979-жылы башкошконбуз. Биз ушул убакытка чейин Кыргызстанда жашайбыз. Биздин үч балабыз бар. Аттары Ким Алексей, Ким Денис жана Ким Дмитрий. Чогуу жашаганыбызга 35 жыл болду. Балдарыбыздын баары үйлөнүп 5 неберелүү болдук», — деп билдирет Галина Петровна.

Галина Петровна жана Севолат Ким уулу менен
Гульбара Бейшенбеева жана Ермек Есеналиновдун баш кошуп түтүн булатып келе жатканына 20 жыл болоюн деп калды.

Гульбара Бейшенбеева жана Ермек Есеналинов
«Мен Жал айылынын тургуну болом. Жолдошум Казакстандын Костонай шаарынан болот. Биз 1997-жылы 7-мартта Ермектин досу аркылуу танышканбыз. 1 жыл сүйлөшүп 1998-жылы 12-апрелде баш кошконбуз. Ошондо мени Чимкент шаарына алып барды. Кайра биздин чечимибиз боюнча Кыргызстанда жашап калганбыз. 1999-жылы биринчи тун балабыз төрөлгөн, аты Элдар. Экинчи балабыз 2003-жылы төрөлгөн, аты Эмир. Үчүнчүсү кыз. Ал 2009-жылы төрөлгөн, аты Ализа. Кенже балабыз болсо 2013-жылы төрөлгөн, аты Абай. Ошентип ортобузда төрт балабыз бар, азыр кудайга шүгүр, бактылуу жашап жатабыз», — деп айтышат жубайлар.

Гульбара Бейшенбеева жана Ермек Есеналинов балдары менен
Даярдагандар: Айдана Токоева жана Сезим Муктарбеков
Сынак үчүн