Ноокат районунун Төрөбай Кулатов айыл өкмөтүндө биринчи жолу “Сот адилеттүүгүнө болгон мүмкүнчүлүгүн кеңейтүу” аттуу көчө театры болуп өттү.
Бул сынакка негизинен Кулатов айыл өкмөтүнөн эки мектептин окуучулары катышты: Айбашев, Бекиев. Андан сырткары аталган районго караштуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн Нышанов орто мектебинин окуучулары да катышышты.
Бул көчө театрда окуучулар өздөрүнүн укугун коргоп билүүнү жана аны иш жүзүндө аткара билүүнү үйрөнүштү, дейт иш-чаранын уюштуруучусу Шакир Ташполотов.
«Биз бул БУУнун долбоору менен өлкөбүздүн четки айыл аймактарда жашаган элдердин укуктук аң сезимин көтөрүү жана өз укуктарын туура пайдалана билүүнү ишке ашырууну максат кылганбыз. Көчө театр эки этап менен өттү, биринчи этапта сценарийлерди тандап алуу, ал эми экинчисинде болсо сценарийлерди көчө театрында коюп берүү болду. Анан биз атайын бул сынакка калыстарды чакырдык», — деп билдирди Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Шакир Ташполотов.
«Көчө театр деп ат койгону абдан жакшы болуптур. Элдин көзүндө окуучулар өздөрү тандап алышкан көйгөйлөрүн аткарышты жана бул көчө театрынын жыйнтыгы болот деп ойлойм. Менин ойумча эң мыкты деп табылган Нышанов орто мектеби ал мектеп мыйзамдын негизинде так чеберчилик менен аткарышты. Ошого карабастан биринчиликти Айбашев жана Нышанов орто мектептери багындарышты. Ал эми экинчи орунду болсо Бекиев орто мектеби багындырды. Жеңүүчүлөр белексиз калбады: биринчи орундарга проектор, экинчи орунга принтер берилди», — деп кошумчалады Ташполотов.
«Абдан ыраазыбыз бул сынакты уюштургандарга чоң рахмат! Дагы көптөгөн сынактарды уюштуруушса жакшы болмок. Биз бул сынакта Нышанов мектеби жана биздин Айбашев мектеби биринчи орунду багындырдык. Бул көчө театр болгондуктан биз сүрдөп турдук», — деп өз оюн билдирди Зарина Жеңишбек кызы.
«Баланын укугу жана баланы мектепке тартуу, ата-эне менен баланын ортосундагы мамилени чагылдырып беришти. Анан дагы ушул БУУну жетектегендерге чоң рахмат. Мен былтыр өзүм ата-энелер менен катышканбыз, быйыл окуучулар менен катыштык. Бизге сабактан кийин даярдануубуз кыйын болду. Бирок көп убакыт даярдандык. Бүгүн күндүн суугуна карабай келип катышып жатабыз. Бул сценарийди өзүм жазгам», — деп айтып берди Бекиев мектебинде 24 жылдан бери кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Максуда Тургунбаева.
Даярдагандар: Марлен Жамалов, Айкын Дарбишов
Сынак үчүн