Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында даярдоо классынын окуучулары биринчи жолу жаңы жылдык майрамды тосууда.
Фарида Нурдинова бул мекемеде мугалим болуп эмгектенет. Ал Айбашов орто мектебинде ушул убакка чейин биринчи жолу жаңы жыл белгиленип жатканын айтты.
«0-класстарга жаңы жыл болгону баарыбызга чоң жаңылык болду. Алар өзгөчө Аяз ата менен Аяз кызды шаңдуу тосуп алышты», — деп билдирди Нурдинова.
Балдардын айткан жомокторун, ырларын, бийлерин көргөн Аяз ата менен Аяз кыз өз белектерин берип, аларды кубанычка бөлөгөнү байкалып турду.
Сынак үчүн

