Түп районундагы Тасма орто мектебинин 3-6-класстар арасында “Келгиле өз колубуз менен балаты жасайбыз” аттуу сынак болду.
Аталган сынакты «Нур FM» Жамааттык мультимедиа борбору уюштурду. Борбордун кабарчысы Айгерим Кубатбекованын айтымында, бул иштин максаты окуучулардын ойлоо жөндөмдүүлүгүн өстүрүү. Жаңы жыл майрамына карта өтүлгөн иш-чарага жалпы сегиз класс катышты.
“Биз окуучулардын балаты жасоосуна ар бир класс жана класс жетекчилери менен бирдикте топ түзүп жасоосун билдиргенбиз. Окуучулар активдүү катышты. Биз да аларды кызыктырган белектерди алып койгонбуз. Жыйынтыгында 5-б класс биринчи орунга, экинчи оруга 4-б класс, үчүнчү болуп 4-а класс ээлешти”, — деп билдирди Кубатбекова.
Сопиев мектепинин мугалими Назира Өмүрзакованын билдирүүсүндө, сынак абдан жакшы өтүп, окуучулар өзүлөрү балаты жасап, оюндагыларын кошуп кооздошкон.
“Бул сынак өткөрүлгөнү жакшы эле болуп жатат, окуучулар үчүн жакшы. Мындай иш-чаранын дагы өтүшүшүнө тилектешмин. Окуучулар буларды жасоо менен логикалык жөндөмү өсөт”, — деген оюн билдирди Өмүрзакова.
Сынактын катышуучуларынын бири 5-а классынын окуучусу Айдана Алтынбек кызы, ар кимибиз эрте бүтүп, биринчи орун алып алсак деп жасап жатышат, дейт.
“Бүгүнкү сынак өзгөчө кичине балдарга кызыктуу болуп жатат. Бул сынактан көп нерселерди биле алдык. Биз сатып албастан өз колубуз менен жасасак көрктүү көрүнөт. Ошол себептен бул сынактын таасири чоң”, — деген ою менен бөлүшт Айдана.
Аталган сынакта жеңүүчү деп табылган 5-б класстын мугалими Бактыгүл Шейшеева уюштуруучуларга ийгилик каалап, ыраазычылыгын билдирип өттү.
“Бүгүнкү конкурс эң жакшы өттү, барыбыз бирдикте колго балаты жасадык. Дагы өтүлүүсүн каалайбыз. Ушу окучулардын ойлоо жөндөмдүлүгүн өстүрөт, ошону менен катар колго жасоону дагы үйрөтөт. Негизинде колго жасалган нерселер чынында эле кооз көрүнөт да. Эми ушул радиодогуларга рахмат дагы уюштуруп тургула”, -деп айтып өттү Шейшеева.
Даярдаган: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн