
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылындагы жеке ишкерлер Кыргызстандын ЕАЭБге кошулганы аларга бир топ ыңгайлуулуктарды жарткандыгын айтышууда.
Жеке ишкер Бахром Касымов Үч-Коргондо пластик эшик-терезелерди жасап, жергиликтүү тургундарга жана Орусияга экспорт кылат.
“Бүгүнкү күнү биз терезе, эшиктерди даярдап айыл тургундарына жана Орусия өлкөлөрүнө экспорттоодобуз. Мен жеке ишкермин, кол астымда ондон ашуун балдар эмгектенишет. Айлык маяналары өз убагында берилет”, — дейт Касымов.
Товарларга суроо-талап көбөйгөнүн айтат жеке ишкер.
«Бир тараптан Кыргызстандын Еварзиялык экономикалык биримдикке кошулганы жакшы болду. Анткени мурда бизге кыйын болчу өзүбүз чыгырган товарларды сыртка чыгарганга”, — дейт ишкер Касымов.
Бахром Касымов кошумчалагандай, бүгүнкү күнү Орусиядагы шериктери менен байланышып даяр продуктуну экспорттогонго да жетишкен. Тапкан кирешеси үй-бүлөсүн бакканга жана башка каражаттарга жетип тургандыгын билдирди жеке ишкер.
Сатыбалдыев Шерзод аталган жерде жумушчу болуп эмгектенет.
“Жумушум жакшы өзүмө жагат, тапкан акчам өзүбүзгө жетет. Ар бир терезе же эшиктер даяр абалга келгенде жасаган жумушума сыймыктанам», — дейт Шерзод.
«Жумуш андай оор эмес. Орусияга баргандан ушул жерде иштеп акча тапса да болот. Сезон жаз мезгилинде көбүрөөк болот, азыр биз чет жактарга экспорттоого даярдап жатабыз”, — деп билдирди жумушчулардын бири Сатыбалдыев.
Сатып алуучулардын айтымына караганда, бул жерде даярдалган эшик-терезелер башкалардан сапаттуурак жана көп жылга туруштук берүүсү менен айырмаланат.
Алып-сатуучулар да ушул жерге келип келишилген баада эшиктерди, терезелерди сатып алышат. Сатылган товарлардын баасы сатып алуучуларга да төп келээрин айыл тугундары айтууда.
Даярдагандар: Юлдашева Ситора, Нишанова Назира
Сүрөттүн автору: Хасанова Ирода
Сынак үчүн