Жаштардын өз оюн билдирүүгө арналган “U-Репорт» санариптик платформасы Кыргызстанда колдонула баштады. Кыргызстан бул платформаны колдонгон өлкөлөрдүн рейтингинде 89-орунду, Борбор Азия мамлекеттеринин арасында 2-орунду ээледи.
Глобалдык платформа кыргызстандык жаштарга кандай мүмкүнчүлүк бере тургандыгы туурасында “U-Report Кыргызстан” платформасынын координатору Айжан Абдесова Жамааттык Медиада маек курду.

“U-Report Кыргызстан” платформасынын координатору Айжан Абдесова
— Платформа жаштар үчүн кандай мүмкүнчүлүк берет?
— Бул платформаны жаштардын микрофону деп атоого болот. Ар бир адам өзүнүн көйгөйүн, сунуштарын ушул платформа аркылуу берсе болот. Бул глобалдык платформа бүгүнкү күнгө чейин 88 мамлекетте колдонулуп келсе, Кыргызстан 89-мамлекет катары кирди. Бул платформа БУУнун балдар фонду жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте ишке ашырылууда. Анткени, бул жалаң гана эл аралык уюмдардын эмес, мамлекетке түздөн-түз тиешеси бар платформа болуп саналат. Ал аркылуу жаштардын ою айтылып, мамлекет чечим кабыл ала турган суроолорду беришибиз керек.
— Платформага кантип катталууга болот?
— Платформа анонимдүү жана колдонууга бекер. Ага социалдык тармактар аркылуу кирүүгө болот. Катталуу үчүн интернет колдонуучуга 3 суроо берилет: жашы, жынысы жана кайсы аймакта жашай тургандыгы гана жазылат. Катталуучунун жеке маалыматы: аты-жөнү, номурлары суралбайт. Орус тилдүү өлкөлөрдүн ичинде бул платформаны колдонгон 3 гана мамлекет, анын ичинде Кыргызстан бар. Веб-сайтка берген маалыматтар биз жүргүзгөн сурамжылоонун негизинде кыргыз жана орус тилинде чыгат. Негизинен жаштарга айтып кетээрим, кандайдыр бир көйгөй же сунуш болсо ошол нерселерди “U-Репорт» платформасында бөлүшүүгө чакырам. Платформага 0779 919119 WhatsApp номуру аркылуу катталып, ошол жерге маалыматтарды жөнөтсөңүздөр болот. Биз келген маалыматтарды мамлекеттик органдарга дагы берүүгө даярбыз. Ар бир адамдын пикири биз үчүн маанилүү.
— Платформага жаштар ой-пикирин калтырган соң, ага мамлекеттик тийиштүү органдардан кайра жооп болобу?
— Сөзсүз. Бул платформада өнөктөштөр деген бөлүм бар. Биз өнөктөштөрүбүзгө ошол контентке кирүүгө мүмкүнчүлүк беребиз. Элден келген пикирлерди биздин өнөктөштөр дагы окуй алат. Азырынча бардыгыбыз үчүн жаңы долбоор болгондуктан, андагы ой-пикирлерди биз excel катарында көчүрүп алсак болот. Андан соң, жаштардын андагы ой-пикирлери отчет катары мамлекеттик органдарга тапшырылат. Мындан кийин мамлекеттин алдында чечим кабыл алуу процесси жүрүшү керек деп ойлойм. Өзбекстанда 2018-жылы “U-Репорт” ачылган. 3 жылдын ичинде бул өлкөдө 130 миң адам катталып, пандемияда онлайн окуу болду. Ошондо контракттын акысы 10%га төмөндөтүлгөн. Мындан тышкары, 18 жашка чейин турмуш курууга болбой тургандыгы тууралуу мыйзам кабыл алынган.
— Платформага канча адам катталса деген пландарыңыздар бар?
— Бул жылдын аягына чейин 10 миң адам катталса деген оюбуз бар. Анткени, 10 миң адамдын пикири чечим кабыл алууга дагы маанилүү көрсөткүч боло алат.
— Платформага кантип ыктыярчы болууга болот?
— “U-Репорт” платформасын аймактарга жайылтуу максатында дагы бизге ыктыярчылар кабыл алынат. Бизде абдан таланттуу, билимдүү жаштар бар. Бирок, алардын үнү чечим кабыл алуу бутактарына жете бербейт. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” дегендей, ар бир жарандын үнүн угуп, чечим кабыл алынса ошол мамлекетибизге пайдалуу болобу деп ойлойм.
Касиет Кубанычбек кызы