Ача-Кайыңды айылында Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата бир катар иш чаралар болуп өттү. Алгач согушта курман болгондорго куран окутулуп, гүлчамбар коюлуп, райондогу Социалисттик Баатыр наамынын ээси Мамбетакунов Орозакунга медал тапшырылды.
Андан тышкары, айылдын 1976-жылы туулган жаштары Жеңиштин 76 жылдыгына арналган спорттук мелдештерди өткөрүшүп, ал эми айыл өкмөт тарабынан каза болгон ардагерлердин үй-бүлөлөрүнө чакан белектерин беришти.
Коомдук иштер менен алектенип келе жаткан Сейдакмат Сатиев, айылдын социалисттик эмгектин баатырына медал Россиядан келип, аны сыймыктануу менен тапшырып жатканын белгиледи:
«Мына бүгүн Ача-Кайыңды айылына 9-май Жеңиш күнүнө карата иш- чара өткөзөлү деп келип калдык. Жеңиштин 76-жылдыгына карата жаштар спорттук иш-чара баштап жатышат. Биз болсо райондогу Социалисттик Эмгектин баатыры Мамбетакунов Орозакунга атайын 80 жылдыгына карата «Жеңиштин 75-жылдык» медалын тапшырып жатабыз. Негизи былтыр ала албай калганбыз, себеби атайын Россиядан даярдалып келген. Мамбетакунов Орозакун болсо өмүр бою коммунисттик партиянын мүчөсү болуптур, ал аркылуу баатыр, депутат болуптур, көп сыйлыкка жетиптир. Ушул жана бир катар себептер менен ага медалды айылдаштары менен бирге кубанып тапшырып отурабыз».
Ал эми аталган айылыдын 1976-жылкы тургундары спорттук мелдеш өткөрүп, айылдын кире беришиндеги желекти алмаштырышты. Андан тышкары, келген конокторго аш чарасын уюштуруп беришти.
Ача-Кайыңды айылдагы каза болгон ардагерлердин үй-бүлөсүнө дагы айыл өкмөтү тарабынан көнүл бурулуп, ар бирине 2000 сомдон жана белектер берилди.
Ат-Башыда улуу Ата-Мекендик согуштан курман болгондор эскерилди
Асель Уркунбаева