Адам сатуу көйгөйү коомчулуктун көңүлүн бурган объект экенин эске алуу менен мындай көрүнүштөргө каршы күрөшүүдө мамлекеттик институттар, ички иштер органдары, жарандык коом уюмдары тарабынан олуттуу аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп кетүү керек. Ошондой иш аракеттин бири 29-июлда Кочкор районунда өткөрүлдү.

Салтанат Абласова жана Сайкал Дыйканбаева
Жыл сайын 30-июлда Адам сатууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. Биринчи жолу бул өзгөчө датаны «Адам сатууга каршы эл аралык күн» деп жарыялоо чечими 2013-жылдын 18-декабрында кабыл алынган жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясында расмий түрдө бекитилген.
Бул күндү утурлай Кочкор районунун борбордук мал базар объектисине «Соң-Көл» мультимедианын кабарчысы Бурул Майрамбек кызы жана Айылдык Кеңештин депутаты Салтанат Абласова, айылдык китепканананын жетекчиси Сайкал Дыйканбаева жарандык активист Марлес Өзүбековдор ачык маалымат берүү акциясын өткөрүштү. Акция «Демге Дем» медиа борборунун директору Чолпон Кылжырованын катышуусунда өттү. Мында «Демге Дем» медиа борбор тарабынан даярдалган баракчалар, китепчелер район тургундарына таратылды. Таратууда ыктыярчы ар бир жаранга «адам сатуу деген эмне, аны кантип алдын алса болот, бул көйгөйгө кабылбаш үчүн эмне кылыш керек, эмгек миграцияга чыгууда эмнелерди билиш керек» деген өндүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул акция райондун борборунда өткөнүнүн себеби, ар бир ишемби күнү райондо мал базар өткөрүлөт, ал мал базарга райондогу бардык айылдын тургундары келгендиктен, маалымат кеңири тарайт деген максат болгон.

Чолпон Кылжырова менен

Бурул Майрамбек кызы түшүндүрүү иштеринде

Марлес Өзүбеков китепчелер жөнүндө маалымат берүүдө






Бурул Майрамбек кызы