Айдана Өмүрбаева 26 жашта. Чикагодогу алгачкы кыргыз IT айымы — «Relativity E-Discovery» компаниясында «DevOps Engineer» болуп эмгектенет. Муну менен бирге ал социалдык тармактар аркылуу мекендештерге “Эмне үчүн IT окуш керек?”, “CODE деген эмне жана аны нөлдөн баштап үйрөнсө болобу?” – деген вебинарларды өткөрүп турат. Ошондой эле Кыргызстандын жаштарына жана кыз-келиндерине IT тармагын өздөштүрүүгө багыт берип келет.
Даярдаган: Касиет Кубанычбек кызы