Куланак айылында эки жылдан бери элди жакырчылыктан чыгаруу боюнча айымдардан түзүлгөн уюм иштеп, аз да болсо салымдарын кошууда. Жасаган буюмдары менен ар кандай көрсөтмө, ярмаркаларга катышып жаткандыктарын белгилеп өттү.
«Байэл» тобунун учурдагы жетекчиси Шайыр Жунушбаева өздөрүнүн ишиндеги жетишкендиктерин баяндап бер ди.
«Эң биринчи жашылча -жемиш өстүрүү боюнча аялдарды жумуш менен камсыз кылып,бир жылдан соң жүндү кайра иштетүү боюнча иштей баштадык»
«Нарын жери суук болгондуктан, жүндөн жасалган тапичкелерди, чыптамаларды кийүү пайдалуу, зыяны жок» — деп кошумчалады.
Топтун алдыда жасай турган иштери жөнүндө Замира Абдрасулова маек куруп берди.
«Айылда он эле аял иштебестен, дагы кеңири группа ачып, кеңири жайылтуу», — деген оюн билдирди.
«Таджикстанга барып келдик.
Ар кандай шарф, тапичке, чыптама, сумкаларды, сувенирлерди жүндөн, кийизден жасайбыз »
«Жасаган буюмдарыбыздын ден-соолукка пайдасы бар. Мисалы, тапичкелерибиз буттагы радикулит, муун ооруларына, а моюндагы шарф хондроз ооруларына пайдасы бар.
Ушу силердин интервьюңардан пайдаланып, CDA уюмуна, CACSSA уюмуна, ООН-Женщины уюмуна ыраазычылыгымды билдирем-» деп кошумчалады.
Автор: Анара Нусупова.