Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Тасма айылдын кире бериши жана ички көчөлөрүндө таштандылар көп. Айыл тургундардын кээ бирлери короодончыккан таштандысын көчөнүн бурчуна барып ыргытып да жиберишет. Таштандылар көп болгондугуна байланыштту оорулар көп чыгышы мүмкүн .
Тасма айылындагы ФАПтын мед айымы Жанар Коңурбаеванын айтымында: “Таштандылар жугуштуу оорулар менен аралашып чыгып аткан болсо, ошол ооруну эле пайда кылат. Биз ооруканадан чыккан таштандыларды өрттөйбүз. Таштандылар ар кандай ооруларды жугузат. Мисалы: ВИЧ, СПИД, ТУБУРКУЛЁЗ, ИНФЕКЦИЯЛУУ ооруларды жугузат. Сасык тумоо оорулары таштандылар аба аркылуу жугат. Иттин богун чогуу тырмап көчөгө таштаса альбендазол ооруну алып келет. Таштандыларды жалпы элдер чогултуп ар бири өзүнө жооп берсе жакшы болмок”-деп билдирди.
Аталаган айылдын тургуну Чолпон Маданбекованын айтымында: “Айлана-чөйрөгө зыян, жаман жыттарды, ар кандай жугуштуу ооруларды алып келиши мумкүн. Таштандылардан арылыш үчүн эл арасында тартип болушу керек. Кичинекей балдарды тарбиялоо, баарын бир жолго салып, айла-чөйрөгө жакшы мамиледе болууну үйрөтүш керек”-деп билдирди.
Карасаев айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Кайыковдун айтымында: “Эми бул таштандыларды биздин айылда толук кандуу бир жолго коюлду дегенден алыспыз. Биз эми башка айылдар менен биригип таштанды төккөн жер казганбыз. Колдон келсе проект жазып, таштанды маселесин чечкенге аракет кылабыз”-деп билдирди.
Даярдаган: Гүлзар Курманбекова, Асель Мамытова