
Ал эми Сары-Булуң айыл аймагынын жер адиси Артылбек Рысбеков буларга токтолду:- «Аймактарды өнүктүрүү жылына карата айыл ичинде ат коюла элек он үч көчө бар эле, сессиянынчечими менен ат коюлуп, бүгүнкү күндө беш көчөгө үйлөрдүн аттары илинди. Айрым атуулдарыбыз өздөрү демөөрчүлүк кылып, көчөлөргө аттарын жаздырып илишти. Атап айтсам Кумарбек Идирисов он бир түтүнгө өзү демөөрчү болуп, өзү каражат чыгарып, өзү үйүнөн жазады.Талапка ылайык кылып, илди. Ошондой эле Калдыбай Касымбаев көчөсүнүн тургуну Гүлмира Байтикова «Калдыбай Касымбаев»атындагы №10 үйдө жашайм. Менин кошунамдын атасы болчу. Кумарбек Идирисов өзү сүрөтчү. Ал өз колу менен көчөнүн атын жасап, ар бир үйгө илип чыкты. Биз өтө кубанычта болдук. Айылда эң биринчи биздин көчөгө, көчөнүн аты илинди. Баардыгын өз демилгеси менен жасады»-деди Г.Байтиков
Калдыбай Касымбаев Тогуз-Торо районундагы атактуу балбан адам болгон.
Даярдаган: Азем Маратова
Мыкты аудио сынагы үчүн