Нарын облусунун Учкун айылынын Эшбай Токсобаев мектебинин жалпы жамааты бүгүн ишембиликке чыгышты. Он бештей мугалим келип мектептин айланасын тазалашты. 25 -мартта Карымшаков көчөсүндө да кичине балдар-кыздар өзүлөрүнүн каалоосу менен тазалоо ишин жүргүзүштү.
Мектепте жалпы 54 мугалим эмгектенсе, алардын 16сы гана ишембиликке келген. Бул суроо боюнча Токсобаев мектебинин чарба иштери боюнча директордун орун басары төмөнкүлөрдү айтты:“Баары чын көңүлдөрү менен ишембилик кылып жатышат. Бул ишембиликти уюштуруу акимдин буйругу. Ишембилик туурасында жакшы маалымат жетпегендиктен жана кайсы бир жумуштар чыгып калып, келе алышпай калды”,-деди.
Мектептин айланасы чоң болгондуктан жана мугалимдер аз келгендиктен бүгүн иштер толук бүткөн эмес. Келбеген мугалимдер эртең бул ишембиликти улантышмакчы.
“Мектепти тазалаганыбыз биз үчүн эле эмес окуучулар да үчүн деп ойлойм . Мектептин айланасы өйдө жактан ылдый жакка чейин тазалап жатабыз, эми эртен чоң көчөгө чыгып, жалпы жаамат болуп чоң көчөнү тазалайбыз”,-деди немец тили мугалими Айжан Оморова.
Мектеп жааматынан калышпай Карымшаков көчөсунүн жаш балдары өз каалоолору менен көчөлөрүн тазалашкан.
Бул ойду жалпы балдар ойноп жүрүшүп, көчөсүндөгү таштандыны тазалайлы деген ойго келишкен. Жалпы 18 бала чыгып, кызыктуусу алар 1-класстан 9-класска чейинки окуучулар.
Ишембиликтин катышуучусу 6-классынын окуучусу Тилеген Кыдыраалы уулу төмөкүлөрдү айтты:
«Биз өзүбүздүн көчөбүзгө ишенбилик кылып, көчөбүздүн балдар кыздары болуп бардыгы чыкпаса дагы аралашып ишембилик кылдык. Жолдорду шыпырып, таштандыларды аңга төгүп жаттык. Биз жалпы балдар-кыздар болуп көчөбүз таза эмесин көрүп, ишембилик уюштурдук. Бизди ата-энебиз да колдоп жатты,»-дейт ал.
Бул ишембиликке ата-энелер чыкпаса дагы балдарга акча берип, колдоо көрсөтүп атышты.
“Биздин ата-энелерибиз бизге дайыма ишембилик кылганда колдоп, жалпы акча чокултушуп бизге беришти. Биз ал акчага жалпы баарыбыз тамактанабыз”-дейт Тилеген.
Даярдаган: Айжамал Рысбек кызы
Мыкты макала сынагы үчүн