Түп районунун Токтоян айылында үч трансформатор бар. Ошонун бирѳѳ да курчоого алынган эмес. Мындан улам айыл тургундары кооптонууда.
Айыл тургуну Фарида Бакалова трансформаторлордун жайгашкан жерлери боюнча оюн төмөнкүдөй билдирди.
“Айылдагы трансформаторлор туура эмес жайгашкан. Кээ бири чоң кѳчѳдѳ, бири огороддордун аягында. Ошондой эле курчоого алынган эмес. Ал трансформаторлар курчоого алынбагандыктан улам балдар жанына барып ойношот. Электр кетүүчү столбаларга чыгышат. Кайсы күнү ким эмне болот деп коркобуз”, — дейт Бакалова.
Адамдар трансформатордон 30-40 метр алыс аралыкта болуш керек дейт физика сабагынан берген мугалим Алиман Шаршалиева.
“Айылда үч трансформатор бар. Алардын баардыгы туура жайгашкан деп айта албайм. Кээбир трансформаторлор үйлѳргѳ аябай жакын жайгашкан. Четтери кашаа менен курчалган эмес. Трансформатордун жанына ойноп жүргѳн балдар, малдар, адамдар барат. Трансформатор терс таасирин тийгизет. Ошол себебтен трансформаторлорду курчоого алуу эрежеге туура келмек”, — деди Шаршалиева.
Даярдаган: Гүлжан Нуркасым кызы, Нурпери Нуркасым кызы