Айылдагы депутат айым Динара Бейшембиева Американын Нью Йорк шаарында болуп өткөн сессияга катышып келди. Ал сессия
«ГЕНдер» жөнүндө болду.
Ал семинар ООНдун штабында болуп, Кыргызстан боюнча 9 аял баргандыгын төмөндөгүчө баяндады:
«Америкага мен аялдар форумунун атынан барып келдим. Ал жакта 59-сессия болду. Ысык-Көл областы боюнча мен эле бардым. Калган 6 областтан 6 аял барды, жана 3 депутат: Ася Сасыкпаева, Дамира Ниязалиева, Айнура Алтыбаева. Ошол жактан жасап жаткан иштер боюнча жеке эле айыл эмес район боюнча отчёт берип, доклад окудук. Америкада 22 күн жүрдүк. Буга чейин көп иштер жасалды Жогорку Кеңешке 2-3 жолу бардым айылыбызда болуп аткан көйгөйдү койдук ошолордун баары жасалды».
«Мен өзүм как депутат катары айыл өкмөттөн акча бөлдүртүп элди кароодон өткөргөм. Жайында 3 айыл боюнча 700дөй адам өткөн, ошонун ичинен бир келин рак оорусу менен ооруп жүрүптүр, ошого атайын бир врач бекер операция жасап, айыл өкмөттөн акча бөлдүртүп дары-дармегин алып бергенбиз. Азыр ал жакшы болуп чыккан»-деп бөлүштү айылдын депутаты.
«Бизге Америкадан атайын чакыруу келди. Жөн эле барбастан буга чейин көптөгөн семинарларга, конференцияларга катышып ошол көрсөткүчүбүз менен бардык»-деди ал
«Нью Йорк Кыргызстанга салыштырмалуу абдан таза жана элдери да мыйзамды катуу кармап абдан сыйлашат экен. Бир нерсени түшүнбөй калсан эринбей айтып, түшүндүрүп беришет экен. Сурайт да кайдан келдин депчи, Кыргызстан десең аябай учурашып, жаныңа келип карашат. Ысык-Көлдөн мен эле барганыма сыймыктанам »
Депутат эже айыл үчүн дагы көптөгөн иштерди жасап, чоң салымын кошот деп ишенебиз.
Даярдаган: Адина Осмонова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка