Кочкор айылынын Маданият Драма театрынын имаратында дагы бир жакшы жаңылык болду. Бул «Теңир Тоо айымдары» уюмунун Нарын облусу боюнча төрайымы Бурулсун Деркенбаева жана Бегайым Жангелдиевага таандык «Айымдар- жаңы өмүрдү жаратуучулар» аттуу китебин, Кочкор районунун алдыңкы айымдарына тапшырышты.
Бул китепте ар кандай тармактарда чоң ийгиликтерге жетишкен аялдар жөнүндө жазылган десек болот, ошол тууралуу китептин авторлорунун ой пикирин уктук:
«Мен Бегайым Жангелдиева 1993-жылдан 2016- жылга чейин Нарын облусунун «Теңир Тоо айымдары» конгрессинин жетекчиси болуп эмгектенип келдим. Биздин уюм аялдардын маанайларын көтөрүп, мамлекетке жардам берип жатабыз. Бүгүн Кочкор жергесине «Энелер күнү» майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага конок катары келип Бурулсун Деркенбаева бирге автордук китепти Кочкор районунун 27 айымына тапшырууга келдик».
Кийинки сөздү Бурулсун Деркенбаева улантты:
«Өзүм азыркы учурда Нарын облустук «Теңир Тоо» гезитинин кабарчысы жана «Теңир Тоо айымдары» конгрессинин төрайымы болуп эмгектенип жүрөм.Биздин уюмдун негизги максаты бул айымдардын коомдогу,үй бүлөдөгү активдүүлүгүн көтөрү. Андан сырткары биз көптөгөн иш чараларды өткөрдүк,ошондой иштердин катарында,өзүм журналист болгондуктан облустагы аялдар тууралу бир китеп чыгаруу идеясы бар эле.
Буюрса, ошол идеябыз ишке ашып»Айымдар- жаңы өмүрдү жаратуучулар» аттуу китебибиз жарыкка чыкты.Нарын облусунан 108 аялдын ичинен 27 айым Кочкор жергесинен болот».
Биздин кармаандарыбыздын эң улуусу 85-жашта, ар кандай кесиптин ээлери, ардактуу эс- алуудагы апалар, уул- кыздарды татыктуу тарбиялап, өстүргөн айымдар десек жаңылышпайбыз. Бүгүн «Энелер күнүнө» карата китептин бет ачары өткөнү жатат».
Кийинки сөздү Кочкор району боюнча»Аялдар конгрессинин» координатору Зина Табалдиевага бердик:» Бүгүн бизде жакшы саамалык болуп жатат, майрамга туш болуп Кочкор районунун эң алдыңкы айымдарынын өзүнүн жерине, элине кылган кызматы үчүн сыйланат. Биз ар бир даталуу күнгө карата биздин айымдарга көңүл буруп турабыз».
Нурия Карымбаева