
Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагынын Ак-Чал айылындагы аксакалдар кеңеши маркумдун жылдыгын өткөрүү үчүн кеткен чыгымды азайтууну демилгелеп чыгышкан.
Айылдагы аксакалдар кеңешинин мүчөсү Төлөбай Бердикуловдун айтуусунда, бул демилге 2014-жылы көтөрүлүп, ошол эле жылы бул чечим кабыл алынган.
“Элге оор болгон. Жылдыкта бир чоң мал, же жылкы союлса, жылдык өткөрүү өтө кыйын болгон. Анан биз аксакалдар жылдыкты токтотконбуз. Азыр болсо жылдыкты туугандарынын арасында эчки, же кой менен өткөрүп жатат”, — деп билдирди Бердикулов.
Бул демилге айылдык имам Мустафага таандык. Имам айылдык аксакалдарга сунуштаган соң анын оюн колдоп кубатташканын кошумчалады Бердикулов.
Жылдык кыскартылганга чейин айылда орто эсеп менен алганда 100 миң акча коротулган, дешет тургундар. Ак-Чал айылынын дагы бир тургуну Назира Шамшиева жылдык өткөрүү жоюлганы жашоочуларга жеңилдиктерди алып келгенин айтат.
“Жылдык болгондо өтө көп чыгым кетчү. Колунда барларга чыгаша билинбейт эле. Ал эми колунда жокторго кыйын болчу. Азыр адамдардын баары бирдей жылдык өткөрүп калышты”, — деди Шамшиева.
Жылдык кыскартылгандан кийин жылдыкка кетчү чыгымдар да азайтылган. Орто эсеп менен 10-15 миң сом коротушат.
Бул маселе башка айылдыктарга да жаккан. Мисалы, Кулатов айыл аймагынын Баглан, Куу-Майдан, Бөкөнбай жана башка айылдарда да тургундар жылдыкка кетчү чыгымдарды кыскартууну пландаштырып жатканын айтты Ак-Чал айылдык ак сакалдар кеңешинен.
Даярдагандар: Кызжибек Жыргалбек кызы, Мээрим Зулпуева