Кара-Суу айылынын «Ак кептер» жамааттык медиа борбору башка жайга көчтү. «Кара-Суу айылында жаңы ФАПтын имараты ачылып, борбор фАП жайгашкан жерден орун алды.
Бул иш Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жетекчиси Дженбаева Насипа жана мектептин директору Насыранбекова Маруфат менен макулдашылып, чечилди. Кирээрдин алдында канаалар ремонттолуп, жабдыктар орнотулду. Бул иш- чаранын баары борбордун ыктыярчыларынын жардамы менен аткарылды.Борбордун эки канаасы бар, кенен, ыктыярчыларга жакты.Кире турган эшиги өзүнчө»,-дейт медиаборбордун жетекчиси Чакчагаев Султаналы.
Даярдаган: Джусупова Саида