Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылында таза суу таңсыктыгы бир канча жылдан бери чечилбей келе жатат. Азыркы учурда колдонулуп жүргөн таза суу чорголору 1960-жылы курулган.
Андан бери кайра-кайра оңдоло берип, жарактан чыгуу абалында. Учурда айыл ичинде 14 жерден түтүктөр жарылып, суу жолдорду, көчөлөрдү каптоодо. Мындан сырткары 13 минге жакын Баетов айылынын тургундары таза сууну 8 сааттын ичинде гана ала алышат. Эртен менен саат 9дан баштап чыккан суу, түштөн кийин бешимде токтойт. Таза сууга жетпей калса айыл четиндеги булакка барууга туура келет.
“Чынында таза суу менен камсыз кылуу абалы жакшы эмес. Бирок сууну сарамжалдуу пайдаланууга баарыбыз үйрөнүүбүз керек. Айрымдарыбыз чоргоону чыгарып кетебиз же сууну агызган боюнча таштап коебуз , булүндүрөбүз. Мунун баары эле зыян. Колдон келишинче элди таза суу менен камсыз кылууга аракет кылып жатабыз. Учурда айылда 350 гө жакын жеке турак үйдө жана бардык мекемелерде суу чыгат. Эми жакында скважина казуу иштерин баштайбыз. Буюрса жыйынтыгы жакшы болот. Тактап айтканда 3 үйгө бир суу чорголорун орнотобуз” дейт Баетов айылындагы “Таза суу” муницпиалдык ишканасынын жетекчиси Шайырбек Кашкарбаев.
Айыл тургундары таза суу чорголорунан колдо кармаган малдарын кошо сугарышат. Анткени атайын мал сугаруучу жер жок.
Баетов айылынын тургуну Сьездбек Мамбетов “Бул нерсени токтотууга мүмкүн эмес. Чынында бул көрүнүшкө маани деле бербейбиз. Бир чети мал сугаруучу жер да жок. Анын үстүнө малдын дени таза деп эч ким кепил боло албайт. Демек ооруларды деле жугузуп алуубуз мүмкүн да. ” дейт.
Адам баласынын мал менен бирге таза суу ичиши санитардык нормага туура келбейт жана ар кандай жугуштуу оорулардын булагы болуп калуусу мүмкүн. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук оорукканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Аида Көкөтаева мындай дейт: “Негизи мал суу ичкен жерден адам суу ичүүгө болбойт. Анткени мал аркылуу ар кандай жугуштуу -мите курт оорулары жугушу мүмкүн”.
Ар дайым суу ресурстары тууралуу кеп кылганда дыйканчылык кылууда негизи мааниге ээ болгон сугат суулары тууралуу айтпай коюуга болбойт. Биздин өлкө боюнча Ак-Талаа району суусу аз аймак болуп саналат. Эгерде жаан-чачын көп болуп, кар калың түшсө сугат суусунун тартыштыгы бир аз азаят.
Бирок тилекке каршы жыл сайын эле мындай боло бербейт. Ак-Талаа суу чарба башкармалыгынын башчысы Байыш Үтүровдун айтымында сугат суу райондун аймагында тартыш. Чоң суу сактагычтары да жок. Болгону кадимки сууларды тосуп алып, элге бөлүп беришет. 8 айыл өкмөт менен келишим турдө иштешип, сугат, суу баскан аянттар үчүн 24млн куб суу беришет. Учурда маселени чечүү үчүн чоң эки долбоор жазылып, тиешелүү тараптарга жөнөтүлгөн.
Суу адам баласынын жашоосундагы маанилүү роль ойногон, тиричилик үчүн зарыл шарттардын бири. Жер шарынын ¾ бөлүгү суу менен капталып, дайыма жаратылышта айланып жүрөт. Сууну сактоо, сарамжалдуу пайдалануу бардык жарандын милдети.
Басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын Ассоциациясынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.
Сүрөттөр мультимедиа борбордун өздүк архивинен алынды.
Даярдаган: Г.Мамытбекова