Учурдагы кырдаалга байланыштуу райондун аймагындагы Ак-Тал айылындагы чек ара постто көзөмөл уюштурулду. Постто тиешелүу кызматтардын өкүлдөрү сутка бою турушат.
Ак-Талаа райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын инспектору Мирбек Токтобаев: «Ак-Тал айылындагы постто сыртка кетип жана сырттан келип жаткан мал жандыктар көзөмөлгө алып жатабыз. Ошондой эле, эт азыктары да текшерилүүдө»,- дейт.
Ал эми ар аптанын жума күнү райондун борборунда болуучу мал базарга аларман жана сатармандар адаттагыдай эле келип алышкан. Ветеринардык адистер учурдагы кырдаал боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, базардагы элди таратышкан.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова