Ак-Талаа районунда кырсыктарды алдын алуу, коопсуздук сактоо, адам өмүрүнө зыян келтирбөө максатында кооптуу жерлерде кошумча дагы эскертүү көрнөктөр орнотулуп, эскилери жаңыртылды.
Тактап айтканда жай мезгилинде абанын температурасы ченемден жогору болгон учурда райондун аймагындагы агын сууларга, түшкөнгө ылайыкташпаган көлмөлөргө эс алуу үчүн сууга түшүүгө болбойт.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулованын айтымында бул боюнча үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде атайын буйрук чыккан.
“Райондук ЖКК кызматкерлерине аймактарда кырсыкты алдын алуу үчүн кооптуу тилкелерди аныктоо, ошондой эле “Сууга түшүүгө болбойт” деген эскертүү көрнөктөрү жаңыртып, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмалары берилген. Мындан сырткары дагы жаңы эскертүү такталары коюлду”,-дейт.
Барчын Мамытбекова