Ак-Талаа районундагы аймактык оорукана жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна көмүр жеткиликтүү көлөмдө түшүрүлгөн. Ошондой эле от казандары кышкы от жагуу мезгилине даяр.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынан алынган маалыматка караганда саламаттыкты сактоо мекемелерине бүгүн жылуулук берилди. Район акими кышка даярдыктан кабар алуу менен аталган мекеменин жетекчилерине эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлгө алуу боюнча бир топ тапшырмаларды берди.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Жаркын Бообекованын айтымында от жагуучу жайлар буга чейин оңдоп-түзөдөн өткөн. Ал эми кечээ чарбалык кызматкерлер менен бирге түтүктөргө суу кое берилип, текшерилди.
Чарбалык кызматкерлер түшүрүлгөн көмүр отуну сапаттуу жана от жагуу мезгили аяктаганча жетерлик экенин маалымдады.
Ак-Талаа районундагы Кара-Ой айыл аймагындагы айылдык оорукана кышка даяр эмес.
Барчын Мамытбекова