19-майда кѳптѳн күткѳн « Акыл Ордо» интеллектуалдык долбоору Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинде болуп ѳттү. Сынак 5 мектепте окуучулар арасында эң мыктысы тандалып, супер финалга жолдомо алышкан.
Супер финал абдан кызыктуу болуп, элдин бүйүрүн кызыткан сынак болду. Катышуучуларды мектеп директору, мугалимдери жана күйѳрман окуучулары колдоп келишти. Катышуучулар биринчи өздөрүн тааныштырып, таймашка киришишти. Сынак 3 турдан болуп 3 саатка созулду.
Акыл Ордо долбоорунун башкы демѳѳрчүсү КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Конушбаев Тынчтык Кадырбекович тѳмѳндѳгүлѳргѳ токтолду:
“ Акыл Ордо сынагы эң жакшы долбоорлордун бири десем болот. Биринчи жолу өткөнгө салыштырганда азыркы сынак абдан бийик деңгээлде өттү. Окуучулардын көз карашы , умтулуусу абдан жогорулаган. Таймашты көрүп абдан кубандым. Анткени балдардын ийгилигин,изденүүсүн,умтулуусун көрүм сыймыктандым. Ошондой эле Аиданын алып барганы эң мыкты болду. Даярдалган суроолору, жооптору жакшы болуптур. Балдардын анча-мынча толкундоолору эле болбосо, өздөрүн ушунчалык эркин ала алышты, ойлорун кенен айта алышты. Балдардын билим деңгээли биринчи таймашка караганда бийигирээк экенин көрдүм. Макалда айткандай “ Көрө-көрө көсөм бол, сүйлөй-сүйлөй чечен бол”- дегедей Аиданын алып баруусу жогорку деңгээлге кеткен. Өзү жылдан жылга изденип жаңы ыкмаларды киргизип жакшы алып барууда”деди.
Таймаш учурунда залда отурган окуучуларга суроо узатылып, элдерди кызыктырып жатты. Суроого жооп бергендерге ар кандай белектер берилди.
“Акыл Ордо” долбоорунун алып баруучусу Аида Медетбек кызы сынак тууралуу кенен токтолуп кетти:
“ Акыл Ордо”2015-жылдан бери өрөөндүк деңгээлде өтүлүп келет. Ал эми долбоорду өткөрүп баштаганым 2013-жылы башталган,ошондо 5-оюн десем болот. Өрөөндүк деңгээлде өтүлүп жаткан сынак тууралуу айырмачылыктарды айтсам, эң биринчи оюн дал ушул мектепте өткөн , анда биздей такыр шарттар жок болчу. Кадимкидей эле окуучулардын партасына туруп алып сүйлөшчү. Экинчи оюндан баштап, демөөрчүбүз тарабынан атайын ыңгайлаштырылган трибуналары, микрофондору, ноутбук, проектор менен техникалык жактан жабдылды. Ал эми суроолору боюнча айтсак, мурунку эки супер финалда окуучуларга алдын ала кайсы катергориялар кирээрин берчү эмесмин.Быйыл бердик. Себеби окуучулар кайсы багытта даярданаары билишпей, калышкан. Ошонун натыйжасында балдар эң мыкты жооп беришти, буга чейин балдар 9-10 суроого жооп берүү деген болгон эмес. Бүгүн 11 суроого чейин жооп бергендер болду. Биричи оюнда Конушбаев, экинчи оюнда Мырзакматов,үчүнунү Түркмөн орто мектептери жеңип отурат, ушундай эле теңчилик болсун деп айткым келет. “Акыл Ордо” сынагы окуучулардын, элдин колдоосуна, сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Анткени жеңүүчүлөр дүн бардыгы жалпы тестирлөөдөн эң жогорку баллды алышкан”-деди.
“ Акыл Ордо”сынагынын жеңүүчүсү Сталбек кызы Рима өзүнүн кубанычтуу оюн билдирди:
“Бүгүнкү сынакка катышканыма өтө кубанычтамын. Себеби 1 жылдан бери даярданганым үзүрүн көрүп, жемишинен ооз тийип аткан учурум. Таймашта татыктуулардын татыкттуусу жеңди деп ойлойм. Анткени эч кимдин жардамы берген жок, бир гана Аида эже багыт гана бере алды. Даярданганда бир гана энциклопедияларды алып окудум. Келечекте Манас Түрк университетине котормочу жагына тапшырууну ойлоп жатам” деп билдирди
Андан тышкары сынак аяктагандан кийин Суусамыр фм радиосунда өткөрүлүп келе жаткан “Парламент сүйлөйт” долбооруну презентациясы болду. Тагыраак айтканда, жеңген министрлер өздөрүн тааныштырып жана иш-пландары менен жакташты. 5 окуучларга акыркы үлгүдөгү Redmi 5 уюлдук телефондору менен сыйланышты.
“Парламент сүйлөйт” долбоорунун эң мыкты прездентинин жеңүүчүсү Конушбаев Кадырбек атындары орто мектебини окуучусу Самар кызы Зыйнат өзүнүн ою менен бөлүштү:
“Мен бул конкурска катышканыма 2 жыл болду, бирок биринчисинде утпай калгам. Быйыл катышып президенттер таймашынан “Эң мыкты президент” наамын жеңип алгам. Бул сынак бизге абдан чоң стимул берди десем жаңылышпайм. 5 мектептин окуучулары менен тажрыйба алмашып, жаңы идеялар пайда болуп, алар менен ынтымакта достошуп, көп досторду таптым. Тынчтык Кадырбековичтин демөөрчүлүгү астында 2 күндүк эс алууга жана КРнын Жогорку Кеӊешине маалыматтык турга барып келдик. Айзада эже айткандай “Акыл Ордо” менен “Парламент сүйлөйт” долбоорлору бир тууган дегендей бүгүн супер финал болуп отурат. Биз дагы баалуу белетер менен сыйланып отурабыз. Бул үчүн ишенич тирегибиз Тынчтык Кадырбековичке тереӊ ыраазычылык билдирип өтөбүз. Агайдын мындан ары иши илгерийлей берсин” дейт.
Эскерте кетсек «Акыл Ордо» интеллектуалдык долбоору быйыл 3-жолу өткөрүлүп жатышы .
Даярдаган: Умсунай Ачыкова