Нарын районунун Жергетал айылынан Апрель революциясына эки баатыр катышкан. Баатырларды эскерүү максатында Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин 10-а классынын окуучулары эскерүү кечесин 11-апрель күнү ѳткѳрүштү.
Кече гимн менен башталып бир мүнѳттүк эскерүү менен уланды. Окуучулар баатырлардын элесине гүл коюшуп, аларга арнап куран окушту.
Эскерүү кечесинин жүрүшү тууралуу толук маалымат алуу үчүн 10-а классынын окуучусу Жолдошбек кызы Мединага кайрылганыбызда тѳмѳнкүлѳрдү билдирди:
«Бул иш чара апрель баатырларын эскерүү максатында ѳткѳрүлдү. Албетте, бул окуянын бизге да эң чоң мааниси бар. Ошондуктан биз баарыбыз жоопкерчилик менен мамиле кылганга аракетибизди кылдык. Биздин айылдан Койчубеков Руслан, Ѳмүрѳв Таалайбек деген байкелерибиз катышкан. Алар биз үчүн түбѳлүк баатыр болуп, жүрѳгүбүздѳ сакталып калышат.»
Эскерүү кечесине күбѳ болгон Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин Курманакунова Гүлзат иш- чара кандай деңгээлде ѳткѳнүн айта кетти:
«2019-жылы 11-апрелинде 10-а класс тарабынан ѳткѳрүлгѳн класстан тышкаркы иш- чара жогорку деңгээлде ѳттү деп баалайм. Окуучулардын даярдыгы мыкты болгону кѳрүнүп турду. Эң баарынан сүйүнткѳнү окуучулардын ѳз калеминен жаралган, патриоттук сезимди ойгото турган, жатка айтылган ырлары болду. Биздин да окуучулар, агаларынан үлгү алып, келечекте кыргыз элинин керегине жараган уул-кыздардан болот деген чоң үмүтүбүз бар.»
Элинин келечегин, жаркын жашоосун камсыз кылып берген апрель революциясынын баатырларын эч ким, эч качан унутпайт.
Даярдагандар: Акинова Бактыгүл, Сейит кызы Акылай