Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагында мекемелер арасында жарыяланган үч айлык ишембилик ийгиликтүү өткөрүлдү. Ишембилик 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин уюштурулуп, ага айыл аймагындагы бардык мекеме-ишканалар активдүү катышты. Ар бир мекемеге атайын бөлүнгөн аймактар бекитилип, ошол аймактарды тазалоо, көрктөндүрүү жана ирээтке келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Үч айлык ишембиликтин алкагында көчө боюн тазалоо, арыктарды ачуу, таштандыларды чыгаруу жана айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштери аткарылды.
Айыл тургундарынын айтымында, мындай иш-чаралар аймактын тазалыгын сактоого гана эмес, элдин ынтымагын бекемдөөгө дагы чоң салым кошот.
Куланак жамааттык медиа борбору