Жергиликтүү калкты колдоого багытталган иш-пландын негизинде Сары-Булак айыл өкмөтү тарабынан Кочкор районунун борборунда эт базар баасынан төмөн сатылды.
Кочкор райондук Агрардык Өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан эттин кымбаттап кетишинин алдын алуу максатында жана элдин аярлуу катмарларына жеткиликтүү баада этти сатыкка чыгаруу боюнча бир айлык иш-чара уюштурулган. Иш-чарага Кочкор районуна караган беш айыл өкмөт толук катышып, ар ишеби күнү райондун борборундагы автобекеттин жанына жармерке уюштурулду.
Социалдык багыттагы бул демилге калктын күнүмдүк керектөөсүн жеңилдетүүгө жана базар баасынын өсүшүнө каршы чара көрүүгө багытталган. Иш-чаранын алкагында жылкы жана уй эти базардагы баадан кыйла төмөн баада сатылып, өзгөчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, пенсионерлер жана көп балалуу жарандар үчүн жеткиликтүү болду. Эт санитардык талаптарга ылайык даярдалып, атайын көзөмөлдөн өткөрүлдү.

Айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү бул сыяктуу социалдык иш-чаралар мындан ары да улантыларын белгилеп, элдин турмуш шартын жакшыртуу негизги максат экенин айтышты. Жергиликтүү тургундар уюштурулган соодага ыраазычылыктарын билдирип, мындай демилгелер эл үчүн чоң колдоо экенин белгилешти.
Эскерте кетсек, Сары-Булак айыл өкмөтү тарабынан иш-чаранын негизинде 2 жылкы союлуп, бири райондун борборуна жармеркеде сатылды, ал эми экинчи бодо мал айыл тургундарына жеринен сатылып, калктын муктаждыгы канааттандырылды. Союлган бодо малдардын эти 600сомдон сатылды. Ал эми эттин базардагы баасы 700-720сомдон сатылууда.

Бурул Майрамбек кызы