![20151028_133446[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2015/10/20151028_1334461.jpg)
Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 3-класстын окуучулары жана ата-энелери арасында окуучулардын китеп окууга кызыктыруу, ой-жүгүртүүсүн өстүрүү, дүйнө таанымын кеңейтүү максатында “Бирге окуйбуз” сынагы өттү.
![20151028_133255[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2015/10/20151028_1332551.jpg)
Сынакка 6 окуучу ата-энеси менен катышып, алдын ала даярдалган “Ата-эне окуган жомокту угуп, баласынын айтып берүү жөндөмү, окулган жомоктор боюнча кроссворд, жомокту ролдоштуруу” сыяктуу тапшырмаларынын негизинде күч сынашты.
Сынак 3 турдан туруп, аткаруу чеберчилигине карай улам бири оюндан четтетилип, акырында бир окуучу ата-энеси менен жеңишке жетишти.Жыйынтыктоону балдар өздөрү бири-бирин баалоо аркылуу чыгарышты.
Даярдаган: Г.Мамытбекова
Эскертүү: Макала сайттын жана автордун жеке менчиги болуп саналат. Көчүрүп алууга жана басылмага уруксатсыз жарыялоого тыюу салынат!