Эксперттер бүгүнкү күндө эркектерге карата да теңсиздик коомдо бар экенин билдирип келишет. Биз айтып жаткан алимент маселесинде дагы бала энеси менен калган учурда алимент өндүрүлгөн учурлар басымдуу болуп, бирок баланы атасы багып калган учурда аялы алимент төлөгөн учурлар дээрлик жокко эсе.
Төмөндө Суусамыр айыл элинин аталардын алимент алууга укуктуулугу тууралуу ойлорун сунуштайбыз.
“Мен бул мыйзам тууралуу билгем. Бирок практика жүзүндө кездешпейт. Себеби бул биздин менталитетке жат көрүнүш сыяктуу, аталар намыстанып өзүм эле багам деп алимент алуудан баш тартышы мүмкүн. Экинчи себеби, күйөөсү менен ажырашып, баласын таштап кетип жаткан аялдын алимент төлөөгө шартты болбошу да мүмкүн.”
“Мен бул мыйзам тууралуу уккан эмесмин. Бирок, эгер аялы биринчи ажырашууга арыз жазып, биринчи кадам таштаса анда алимент төлөөсү керек деп ойлойм.”
Суусамыр айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Надира Эсенгулова өрөөндөгү ажырашуу жана алимент өндүрүү чаралары шаардык, райондук соттордо чечилерин жана алар айыл өкмөттө каттоодо турбарын айтты:
«Азыркы учурда Суусамыр айыл аймагы боюнча балдарын атасына таштап кеткен 2 үй бүлө катталды. Энелери эч кандай жардам берип, алимент төлөшкөн жок. Бул үй бүлөлөргө социалдык жардам каралган эмес, себеби, балдардын эки ата-энеси тең тирүү болгондуктан».
Учурда Кыргызстанда аялынан алимент өндүргөн 142 эркек каттоодо турат. Ошол эле учурда кандайдыр бир себептерден улам алимент өндүрүү өтүнүчү менен кайрылбаган эркектер да бар. Мыйзамдын демилгечилеринин бири Айсулуу Мамашованын айтымында, баланын өнүгүүсүнө зарыл шарттарды камсыз кылуу жоопкерчилиги ар бир ата-эненин мойнунда. Бирок баары эле бала багуу боюнча ата-энелик милдеттерин так аткарбай жатышат дейт:
«Алимент бул баланын татыктуу жашоо-турмушуна экинчи ата-энеси тарабынан берилүүчү каражат. Алимент жубайлардын бирөөсүнө да тийиштүү эмес. Алиментти алуу укугу сот тарабынан берилет. Атасы балдарды багып, аялынан алимент алган да учурлар бар. Бул мыйзамда эч кимдин укуктары чектелбейт. Жыныстык абалы эске алынбайт жана учетко коюлбайт».
Мыйзамга ылайык, минималдык алименттин өлчөмү 1800 сомго чейин көбөйтүлөт. Укук коргоочулар алименттин өлчөмүн көбөйтүү айрым аталардын балдарынан баш тартышына алып келип жатканын айтышууда.
Кыргызстанда 1990-жылкы “Алимент жөнүндө” мыйзам иштеп келатат. Алимент төлөөдөн качып жүргөн адамдар соттун чечими менен гана чет өлкөгө чыга алат.
Даярдаган: Зыйнат Самар кызы