Могол айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши кезектеги сессиясын өткөрдү. Сессияга депутаттардын баары катышып, сессиянын жүрүшүн төрага Абдилаким Мамарасулов алып барды.
Жергиликтүү кеңештин кезектеги сессиясында таза суу, жол маселелери каралды.
Гүмүш Жумалиева, депутат: «Бүгүн биз кезектеги төртүнчү сессияга чогулдук. Сессияда арыздар, отчеттор, көйгөйлүү маселелер каралды. Депутаттар тарабынан көп маселелер айтылып, көйгөйлүү болгон таза суу маселеси орчундуу эле, ал да буйруса чечиле турганын болду».
Ал эми депутат Кадича Жумабаева мектеп, бала бакчалардын ремонтунун абалын атайын түзүлгөн комитет карап чыгып, чечим кабыл алаарын билдирди.
Кадича Жумабаева, депутат: «Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукуловдун алты айлык отчеттун уктук. Мындан сырткары вакцинация боюнча талкуулар болду».
Жергиликтүү кеңештин төрагасы Айдилаким Мамарасулов: «Правда, Ооган-Талаа айылдарынын кичи жолдору жок болгондуктан элдин, окуучулардын өмүрүнө коркунуч жаралып жатат. Ушул маселени сессияга койдук. Чарбак айылына жаңы курула турган ФАПтын долбоорун карадык. Базар-Коргон райондук администрациясы тарабынан келген каттарга жооп берилип, буйруктар чыкты. Чек арачыларларга да жардам катары акча бөлдүрдүк деди».
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Тимурлан Мелисбеков
Аудио: Жергиликтүү кеңештин сессиясында каралган орчундуу маселе