Жергиликтүү кеңештин депутаты 4 жылга шайланат. Бул мөөнөттөгү ишмердүүлүк депутаттар үчүн муниципалдык стаж катары саналабы? Бул суроого Куланак жамааттык мультимедиа борбору жооп издеп, Куланак айылынын тургундары менен баарлашты.

Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнө 21 депутат шайланат. Алардын ишмердиги муниципалдык стаж катары эсептелинеби деген сурообузга айыл тургундары кайчы пикирлерди бирлдирди. Кээ бири стаж болуп эсептелинет десе, айрымдары четке какты.
Ал эми азыркы жумуш ордуна байланыштуу аты-жөнүн атагысы келбеген каарманыбыз мыйзам улам өзгөрүүгө дуушар болуп жаткандыгын айтып, ушул себептен эл ичинде кайчы пикирлер болуп жатканын билдирди.
«Мен жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланып келгем. Муниципалдык стажым жеткендиктен Учкун айыл өкмөтүнө айыл өкмөтү болуп кызмат өтөп жатканда, 2012-жылы Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турган кезде депутаттын ишмердиги муниципалдык стаж катары эсептелинбейт деп өзгөрүү киргизилген. Менин депутаттык кездеги стажым эсептелинбей, мурунку иштеген стаждарыма 6 ай жетпей калып, айыл өкмөттүккө талапкерлигим коюлбай калган. Андан кийин кайсы жыл экени эсимде жок, Атамбаевдин указы менен жергиликтүү кеңештин депутаттарына муниципалдык стаж кайрадан киргизилген».
Материалды толугу менен төмөндөгү аудио сюжеттен уга аласыз:
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Айзат Түмөнбаева
Аудио: Ким жергиликтүү кеңештин депутаты боло алат?
Аудио: Айылдык кеңештин депутаттары фракцияларды же топторду түзө алабы?